www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда сот 2017-жылдын 1-январында Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна кол салуу окуясы боюнча күнөөлүү деп табылган Абдулкадыр Машариповду өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу kyrgyztoday.kg жазып чыкты.
Маалыматка караганда, “Рейна” түнкү клубуна кол салуунун кесепетинен 39 киши өлгөн, 70ке чукулу адам жарадар болгон.
Бул окуя үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алган. Топ бул чабуулду түрк аскерлеринин Сирия жаңжалына катышканы үчүн өч алуу деп атаган.
Буга чейин Стамбул губернатору айыпталуучу Ооганстанда радикал жихадчылардын лагеринде даярдыктан өткөнүн жана Түркияга теракт болордон бир жыл мурун келгенин маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg