www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда Кыргызстандын жаранын (31 жаштагы келин) мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен анын кайын атасы кармалган. Бул маалыматты 12-октябрда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады.

Окуя Текирдаа шаарында болгон. Маалыматтарга таянсак, 65 жаштагы Фехми менен 31 жаштагы келини А.Аяттын ортосунда чыр чыккан. Аят менен Фехминин уулу (окуя учурунда үйүндө жок болчу) 2 балалуу болушкан.

Уруш кол көтөрүүгө чейин жетип, Фехми келини Аятты бычактап өлтүргөн. Андан кийин бул ишин жашыруу максатында маркумдун денесин бөлүктөргө бөлүп, теңин таштанды челекке, теңин автоунаанын багажына каткан.

Ошол учурда маркум келиндин кайын энеси үйүнө барып, кошуналарын жардамга чакырган. Кошуналары полиция кызматкерлерине кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости