www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган музейден мечитке айланган Айя-Софияга барды. Сүрөттөр мамлекет башчысынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Стамбулдагы Айя-София музейин мечитке айлантуу боюнча чечим 1934-жылы министрлер жыйынында кабыл алынган Айя-София мечитин музейге айлантуу тууралуу чечимди жокко чыгарган соң кабыл алынган. Мындай чечимди аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган 10-июлда кабыл алган.

Айя-Софияны Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк 1935-жылы мечитти музейге айландырган. Музей 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

86 жылдан кийин мечитке айлана турган Айя-София кийинки аптанын 24-июль күнү жума намазга эшигин ачат. Мечитке төшөлө турган килемдин үстүнөн Манисада күн-түнгө карабай иш жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, Ыйык София собору Византиянын "алтын доорунун" символу болуп саналат. Курулуш иштери 532-537-жылдар аралыгында жүргөн. Ал мезгилде собор Константинополь шаарынын борборунан жана императордун хан сарайынын жанынан орун алып турган. 1453-жылы шаарды османдар басып алган соң, собор мечитке айланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости