www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда өлкөгө дары-дармек ташыган компаниялар менен дарыканалардын кызматкерлерине каршы жүздөгөн административдик жана кылмыш иштери козголду.

Алар өлкөдө коронавирус жайылып жаткан маалда дарынын айрым түрлөрүн негизсиз кымбаттатууга айыпталып жатышат.

Өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмондун айтымында, пандемия башталгандан кийин вируска каршы колдонулчу дарылардын баасы он эсеге чейин жогорулап кеткен.

«Алсак, пандемияга чейин 70 сомониден сатылып жаткан дарылар 600-700 сомониге чейин кымбаттаган. Буга байланыштуу 2190 административдик иш ачылып, 130 кылмыш иши козголду», — деди ал.

Тажикстандын Монополияга каршы күрөшүү кызматы бааларды негизсиз жогорулаткандыгы үчүн өлкө боюнча жалпысынан 50 дарыканага 100 миң сомониден ашык (10 миң долларга жакын) өлчөмдө айып пул салынганын билдирди.

Бийликтин расмий маалыматы боюнча Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 6878 кишиге жетип, 57 бейтап каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Последние новости