www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 25-26-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында КР жарандары 1992-ж.т., Кара-Балта шаарынын тургуну Русланбеков Эрлан Русланбекович жана 1993-ж.т., Чүй областынын Жайыл районунун тургуну Сыргабаев Адилет Сыргабаевич аныкталды. Бул тууралуу УКМКны басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандар соцтармактар аркылуу жергиликтүү райондук жугуштуу оорулар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 15 адам жата деген жалган маалыматтарды таратышкан.

Э.Русланбеков жана А.Сыргабаев менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты.

Бул факты боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 280-беренесинин (Санитардык эпидемиологиялык эрежелерди бузууга аракеттенүү) белгилери боюнча катталды.

Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0 (312) 88 16

84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости