www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-мартта Өзбекстандын жана Кыргызстандын Президенттери телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Бул тууралуу өзбек басылмалары төмөндөгүчө жазып чыгышты:

“Бүгүн, 27-мартта Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Сүйлөшүүнүүн башында мамлекет башчылары достукту, ынак коңшулукту, тарыхтын жалпылыгын, маданияттын жана салттын символу болгон региондо майрамдалуучу Нооруз  жана жаз-жаңылануу майрамына карата бири-бирин кызуу куттукташып, жакшы каалоо-тилектерин билдиришти.

Өзбекстандын жана Кыргыз Республикасынын лидерлери азыркы учурдагы коронавирус инфекциясы жайылып жатканына байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды талкуулашты.

Бул пандемия менен натыйжалуу күрөшүү үчүн тыгыз координациялоону жана өз ара колдоону улантуунун маанилүүлүгү, ошону менен бирге илдеттин жайылышынын кесепеттеринин эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерге терс таасирин болтурбоо аракеттерин белгилешти.

Президенттер ошондой эле өзбек-кыргыз мамилелерин мындан ары кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктүн жана ар тараптуу кызматташуунун, эл аралык жана регионалдык маселелерин талкуулашты”,-деп жазган Өзбекстандын президентинин  https://president.uz/ru/lists/view/3477 басылмасы.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости