www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунун дыйкандары 2020-жылдын түшүмдөрүн базарларга алып чыгып сата баштады. Алгачкы түшүмдөрү бул чеснок жана көк пияз өсүмдүктөрү. Жергиликтүү базарларда бир боосу 10-15 сомдон сатылып жатат. Буюрса 1-апрелден баштап Ош-Бишкек шаарларынын  базарларына жеткирилип сатыла турганы мерчемделүүдө. Бул тууралуу маалыматты Айыл чарба министрлигинин Кооперация, техника жана жаңы технологиялар секторунун башчысы Аскарбек Сагынбаев билдирди.

2020-жылдын февраль айында отургузулган картошкалар учурда биринчи чабыктан чыгарылып жер бетинен көтөрүлүп, кошумча азыктандырылып жатат. Адистердин эсеби боюнча май айынын 2-декадасында алгачкы түшүмү базарларда сатыла баштайт. Ал эми пияздын 2019-жылдын август – сентябрь айларында себилгендеринин түшүмү май айынын башынан баштап базарларда сатылат. Араван району боюнча быйылкы жылы 1650 га жерге эртеги картошка отургузулуп,  90 га күздүк пияз жана чеснок себилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости