www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок 27-мартта COVID-19 илдетин жуктуруп алгандыгын маалымдады. Буга чейин премьер-министр Борис Жонсон бул дартка чалдыкканы белгилүү болгон эле.

 “Бактыга жараша мендеги белгилери жеңил”,-деп айтып, үйдө иштеп жаткандыгын Саламаттыкты сактоо министри кабарлады.

Министрдин айтымында анда “жеңил белгилер” байкалгандан кийин дарыгерлер анализ тапшырып көрүүнү сунуштаган. “Менин изоляциялык убакытым кийинки бейшемби күнү бүтөт деген үмүттөмүн”,-деп айткан М. Хэнкок.

Министр здравоохранения Британии заразился коронавирусом

М. Хэнкоктун коронавируска чалдыкканы Борис Жонсондон илдет аныкталгандан учурда эле тастыкталган. Премьер-министр акыркы 24 саатта анда дарттын жеңил белгилери: жөтөл жана дене таптын көтөрүлүүсү байкалгандыгын айткан.

Борис Джонсон заразился коронавирусом | Здоровье | MIGnews ...

Азыр Улуу Британиянын премьер-министри Даунинг-стриттеги кеңсесинде изоляция режиминде турат. Анын айтымында ал “Өкмөттүн илдет менен күрөшүүсүн видео байланыш аркылуу" жетектейт.

Кечээги расмий билдирүүлөргө караганда Улуу Британиядагы COVID-19дан жабыркагандардын саны 11 658ге жетсе, каза болгондор 578ге жеткен. Анын үстүнө дарттан улам каза тапкандардын саны күнүнө жүздөн ашып кетти.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости