www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен Венгрия Премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанда расмий визит менен болду.
Виктор Орбан өзүнүн Кыргызстанга визитинин алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин Чолпон-Ата шаарында өткөн Саммитинин жыйынына, ошондой эле «Кырчын» капчыгайында этношаарчанын ачылышына мартабалуу конок катары катышты.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Венгрия Премьер-министри Виктор Орбандын делегация мүчөлөрүнүн катышуусундагы расмий жолугушуусу болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Сооронбай Жээнбеков жана Виктор Орбан басма сөз үчүн билдирүү жасашты.
Булак: NazarNews.kg