www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттигинин баяндамачысы Жыргалбек уулу Эрлан алгачкы жолу катышып жаткан Көчмөндөр оюндарына алыстан ат арытып келген, Германиядан келген Марко аттуу конок менен баарлашты.
--"Мен Кыргызстанга атайын Көчмөндөр оюнуна карата Германиядан келдим. Атым Марко. 31 жаштамын. Кыргызстанда уюшулган Көчмөндөр оюнунан көп кереметтүү нерселерди көрдүм. Көз алдыма китептен окуган жомоктор келүүдө. Баарынан дагы жыгачтан гана куралган боз үйгө таң калдым. Бул көрүнүштү элестетүү кыйын", - деди Марко.
Эске сала кетсек, ушул тапта Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндары кызуу өтүп жатат. Аталган оюнга 43 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчулар катышууда.
Жыргалбек уулу Эрлан, NazarNews.kg