www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз шоу бизнесинде өзгөчө бир активдүү жашоону тандап, коомчулукта дайыма “бум” жаратып жүргөн шайыр мүнөз ырчы айым Лира Севен бүгүн бизде мейманда. 

- Лира, спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?

- Теннис менен машыкчумун. Бирок, тилекке каршы убакыттын тардыгына байланыштуу азыр машыкпай калдым.

- Диета кармайсызбы?

- “Ой жоок мен тап такыр кармабайм. Фигурам идеалдуу” деп айтуудан алысмын. Чынын айтайын кез-кезде диета кармамыш болуп калам. Бирок, абдан даамдуу, кооз тамактарды көрсөм кармана албай кетип, “Эч нерсе болбойт бүгүн жеп койсом. Эртеңден тарта кармайм” деп жеп алам. Буга кошумча табиятыман бат семирип, бат арыктамай жагым бар.

- Чыныгы жашоодо, сахнада да абдан ачык түстөгү өзгөчө бир жасалгаланган кийимдерди кийип жүрөсүз. Бул сиздин тандообу?

- Шоу бизнесте башка ырчылардан айырмаланып турбасаң болбойт. Жайнаган ырчылардын тобуна кошулуп, эгиз козудай окшош болбой, алардан айырмалануу үчүн мындай кийинүү стилди өзүм тандагам. Демек, бул менин жеке тандоом.

- Сахнага чыкканга чейин кандай кийинчү элеңиз? Азыр ал стиль өзгөрдүбү?

- Сахнага чыкканга чейин эле аябай креативдүү кийинчүмүн. Мектепте окуп жүргөндө мени "модница" деп коюшчу. Жоктон бар кылып ойлоп таба коюш мен үчүн жеңил нерсе болчу. Өзүмө көңүл буруп көрсөм, фантазиям укмуш эле экен. Ал мүнөзүм азыр да бар. Быйыл өзүмдүн атымдан "Жоктон бар" аттуу кийим-линиясын баштадым.

- Өзүңүздү саркеч ырчылардын катарына кошо аласызбы? Эгер кошсоңуз эмнеңиз менен саркечсизби?

- Балким... Реалдуу жашоодобу, шоу бизнестеби же интернет булактарындабы менин кийингенимди, жүргөн-турганымды, сүрөттөрүмдү сындап, көп адамдар “Саркеч айым” деп айтышат. Ошондуктан, өзгөчө кийимдерим менен саркечмин го деп ойлойм.

- Стилиңизди жактырбагандарга кандай карайсыз? Сынды түз эле кабыл аласызбы?

- Мени жактырышабы же жактырышпайбы ал адамдын өзүнүн жеке иши. Эл көзүндө жүргөн адамды сөзсүз жаман жана жакшы сөз ээрчийт. Мен үчүн алтындай убакыттарын кетирип жаткан адамдарга миң мертебе ыраазымын же “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” деп коюп жүрө берем.

- Кийимдерди көбүнчө кайдан сатып аласыз?

- "Дордой плаза", “Дордой”, "Караван", "Орто сай", "Вефа" ж.б. дүкөндөрдөн кийинем. Башка мамлекеттерге кеткен болсом, ошол жердин бутиктеринен жакшынакай кийимдерди көрүп калсам, дароо эле сатып алам арзанына же кымбатына карабай. Мага көбүнчө "Манго", "Лоренци", "Шанель", "Зара", "Лабутен", "Саша фабияни", "Дольче габана" аттуу дүйнөгө атагы чыккан компаниялардын кийимдери жагат. Бул фирмалардын кийимдерин кез-кезде сатып алып турам. Ал эми ич кийимдеримди "Виктория сикретс", "Интимиссими" жана "Милавицияныкын” тандап алам. Мени оюма коюшса кийимдерди көп сатып ала берем. Бирок, тилекке каршы миллионердин кызы болбогондуктан анын баарына чачым, акчам да түтпөйт.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости