www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кыргызстанда жаз жана күз мезгилинде митингдер өтүп, коомчулукта түрдүү пикирлерди пайда кылат. Быйылкы жазда да митингдер боло турганын айрым маалымат каражаттары жазып чыгууда. Жазгы талаа иштери башталганда ушундай иш-чаралардын зарылчылыгы барбы?

- Биринчиден, митинг же нааразычылык акциясы үчүн конкреттүү себептер болушу керек. Азыр эл көтөрүлө турган мындай себеп жок. Өкмөт тараптан кемчиликтер кетип жатат. Бирок, аны эл шайлаган парламент көзөмөлгө алат. Негизи эле митинг же ызы-чуу элге эч качан жакшылык алып келбейт. Коомчулукта бөлүп-жарылууну пайда кылат. Андыктан мындай көрүнүштөрдөн алыс болсок. Элибиз ызы-чуудан чарчады.

- Митингге же пикетке чыгуу ар бир адамдын укугу экенин эске алганда ага тыюу салуу да эч кимдин колунан келбейт. Кокус айрымдар ар кандай шылтоо менен көчөгө чыкса башка күчтөр аларды пайдаланып кетпейби?

- Андай болушу толук мүмкүн. Азыр элибизге ынтымак керек. Кыргызстандын ички да, тышкы да душмандары бар. Аларга шылтоо гана керек. Ошондуктан азыр иштей турган мезгил келди. Президент Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялап, бир катар иштер пландалды. Эми элибиз да өлкөнү өнүктүрүү үчүн президентке жардам бериши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости