www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Африка Республикасына акыркы жарым кылымдан бери биринчи жолу кар жаады.
"#Snowstorm in #Africa!" #Snow in #SouthAfrica this week with 19 records smashed in past 24 hours for #ColdestDayEver! pic.twitter.com/oDtq17Wk1u
— South Africa People - SAPeople.com (@sapeople) July 23, 2021
Германия июль айынын ортосунда өлкөнүн батышындагы суу ташкыны менен күрөшүп жатканда, Африканын түштүгүндөгү синоптиктер аймак үчүн аномалдуу суук аба ырайын белгилешти. 25-июль, жекшемби күнү Түштүк Африканын бир катар шаарларында кар жаай берди, муз тоңуп, ал жактагы жолдор жабылды.
Аталган өлкөнүн бир катар аймактарында абанын температурасы -10 градуска чейин төмөндөдү.
Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Кимберли шаарында жана ага жакын жайгашкан райондордо метеорологиялык байкоолордун бүткүл мезгилинде биринчи жолу абанын температурасы минус 9,9 градуска чейин төмөндөгөн.
Температуранын мындай рекорддук төмөнкү көрсөткүчү өлкөнүн 19 жеринде катталды.
Метеорологдор мындай суук аба ырайы Түштүк Африка Республикасына Антарктидадан келип жатканын айтышты.
Йоханнесбургда жети градус суук катталды, бул дагы мурунку рекорддон суук - минус 6,3 градус, бул жерде 1995-жылы 19-июлда катталган. Синоптиктердин айтымында, суук Түштүк Африкада бир жумага жакын созулат.
Булак: NazarNews.kg