www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлери эки бригадага бөлүнүшүп 110/35-6-10 кВ “Жалал-Абад” көмөк чордонунан чыккан Пионерский 2 фидеринде иш жүргүзүшүүдө.  Жалал-Абад шаарындагы Чехов көчөсүндөгү 6 кВ чыңалуудагыэлектр аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутап жатышат, ал эми экинчи топ ушул эле көчөдөгү электр мамычалардагы эскирген изоляторлорду жаңы изоляторлорго алмаштырышууда. Пландын негизиндеги утурумдук оңдоп-түзөө жумуштары да кошо жасалууда. Мындай иш-аракеттер аталган шаардын бардык көчөлөрүндө улантылат

Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылына жаңы 18 даана электр мамычалар орнотулууда

Бүргөндү айылындагы электр мамычалар жыгачтан болгондуктан эскилиги жетип, жарактуу мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Ноокен район электр тармактар ишканасы жаңы электр мамычаларды орнотуп жатышат. Жалпысынан 18 даана электр мамычалар орнотулуп, 700 метр аба чубалгысы тартылат. Аталган айыл жашоочулары үйлөрүнүн короосун кеңейтип алышкандыктан, электр устундар үйлөрдүн короолорунда калып калган учурлар бар, мындан улам жаңы электр мамычаларды жол жээгине орнотуп жатышат. Адистердин белгилөөсүндө орнотуу жумуштары аяктаган соң техникалык жоготуулар азаят.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости