www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооба, коомдо тазалануу жүрүүдө. Эл да кайдыгер болбой, болочок тагдыры жөнүндө ойлонууда. Туура жол издөөдө. Адилеттик үчүн күрөш уланууда. Өткөнгө баа берилүүдө. Мындай пикирин NazarNews.kg Кадыр Кошалиев билдирди.

Айтайын дегеним, экс-президенттердин ишмердүүлүгү кайсы бир деңгээлде эл таразасынан өтүүдө. Ал эми чылгый чарба-экономика жагына жооп берген, казына-каражат колунда болуп, каймагын калкып, чүйгүнүнө маарыган Премьер министрлер жөнүндө да кеп козгой турган учур келди. Азыр айтылбаса качан айтылат? Эгемендик жылдардагы Өкмөт башчылардан Н.Исанов менен Ж.Ибраимов аз иштешсе да саз иштешкендиктери жөнүндө коомдо жакшы пикир бар. Ал эми Союздан кийинки орошон мүлктү ойрон кылган, менчиктештирүү процессин талкалоонун куралы катары колдонгон А.Жумагуловду, А.Акаевдин лобаранты аталган, колунан үзүп-жулгандан башка иш келе бербеген К.Жумалиевди, улуу орус элинин өкүлдөрү Танаев менен Чудиновдордун чалмакейлери, калктын тагдырына караганда кара курсагын көбүрөөк ойлогон Д.Үсөнөвду, бизнес менен Өкмөттүн ишин бирдей карашкан-Бабанов менен Сариевди, жасаган иштеринин артында чуулганы көп Ж.Сатыбалдиевди калың элдин калыс таразасына сала турган кез келди!

Бир эле Сапар аттуу сары бала садага чабылып кетпеш керек! Өткөнгө калыс, адилет баа берип, туура жыйынтык чыгара алсак, келечегибизге даңгыр жол ачылат. Отуз жылга созулган соңку тарыхтын оош-кыйышы бизге сабак болушу керек.

Урматтуу КРнын Президенти Сооронбай Шарипович! Сизге эл ишенип, үмүт артып турат. Чечкиндүү кадамдарыңызды коомчулук колдоого алууда! Кыргызстанды ар тараптуу өнүгүүнүн жолуна чыгаруу сиздин тагдырга буйруп турат. Баштаган ишти ара жолго калтырбай аягына чыксаңыз, атыңыз тарыхта алтын тамгалар менен калат! Сизге Жараткан күч кубат, эрк берсин! Ишиңизди ийгиликтер коштосун!

Сизди терең урматтоом менен Кадыр Кошалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости