www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунда 12,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИББинин билдиришти.
Малыматка ылайык, 2020-жылдын 6-июлунан 12-июлуна чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында “МАК-2020” операциясынын алкагында өткөрүлгөн «Кара-Куурай» аталышындагы атайын ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттар менен байланышкан 4 кылмыш аныкталган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ШРИИБдер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте жер-жерлерде баӊгизатын камтыган жапайы өсүмдүктөрү өскөн аймактарды аныктоо жана аларды жок кылуу максатында 105 атуулдан турган 8 жумушчу топ түзүлүп, 3,57 га жер аянтында өскөн, жалпы салмагы болжол менен 12,5 тонна жапайы кара куурай өсүмдүгү жок кылынган. Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында баӊгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүүсүнө каршы күрөшүү жана баңгичиликтин алдын алуу максатында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чаралар улантылууда.
Булак: NazarNews.kg