www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-февраль күнү Жалал-Абадда 3 эм төрөлгөн. 50 миң сомдон бир жолку "балага сүйүнчү" жөлөк пул берилет деген чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон эле. Чечим 2019-жылдын 1-декабрында күчүнө кирерин өкмөттүн аппарат кызматынан билдиришкен. Бирок бул чечим иш жүзүнө ашпай жаткандыгына далил катары журналист Элнура Кулуева мисал көрсөттү.

Анад журналист: “4 -февраль күнү Жалал-Абад облусун аймагында жайгашкан Аксы районунун Ак-Суу айылынын тургуну Талантбек кызы Алтынкыз 3 эмди жарыкка алып келди.
Ымыркайлардын үчөөсү тең кыз. Ымыркайлар Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жарыкка келишкен. Ымыркайлардын саламаттыгына байланыштуу Жалал-Абад шаарынын төрөт үйүнө алып келишкен. Бул сүйүнүчкө Ак-Суу айыл өкмөтү 50 миң сом акча каражатын тапшырышыптыр. Нуралы Майлиевдин үй бүлөсүндө 3 эмден сырткары 2 бала бар. Мына 3 эмдин төрөлгөнүнө 18 күн болду. Азыр да ооруканада жатышат. Облус жетекчиси, шаар мэри кабар алып, кыргыздын санын көбөйтүп жаткан каарман эненин колун кармап, бир камкордук кылып коюшса болот да. Буга самсы жеп чайканада олтурган эле убакыт кетет. Жергиликтүү бийликтин элге жакын болгондун формуласы ушул. Мен губернатордун ордунда болсом ак халатты жамынып барып, каарман энеге духту берип, бийликтин камкордугун билдирмекмин. Жеке мончонун ачылышына эмес, кыргыздын санын көбөйткөн ыйык жерге бармакмын.

Урматтуу атка минип жүргөндөр, сиздердин аймакта ушундай Кудайдын кулагы сүйүнгөн жакшылык болуп, 3 эм жарыкка келди. Күндө эле 3 эм төрөлө бербейт. Бул үй бүлөгө да жардам керек. Президент баш болуп, 5 баласы бар үй бүлөгө жардам беришсе жакшы болмок. Улутубуздун саны көбөйүп жатса унчукпай тылтыйып олтурабыз....”,-деп мыйзам иштебегенине жана кыргыздын санын көбөйткөн энеге болгон мамилеге нааразычылык билдирди.

"Үй-бүлөлөрдү социалдык-экономикалык колдоо, балдарды толук кандуу өнүктүрүү, алардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, алардын саламаттыгы, билим берүү, тарбиялоо, коопсуздук маселелерин чечүү боюнча чаралар өкмөттүн социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Өкмөт социалдык жана балдарды коргоонун институционалдык механизмдерин жакшыртуу иштерин жүргүзүп жатат.

Үй-бүлөнүн жашоо-шартына карабастан, бала төрөлгөндө бир жолку "балага сүйүнчү" жөлөк пулу берилет",-деген Өкмөттүн сөзү кагаз жүзүндө калып жаткандыгы көңүл кейитерлик абал же бул мыйзам таасирдүү тааныштары барларга гана иштейби?!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости