www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан 10 күн мурун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев 10 миң доллар өлчөмүндө пара берип жатып колго түштү.

Өзү эле эмес, бөлүм башчы Анарбек Бекмуратов деген эргул экөө экен. Бекмуратовдун туура эмес иш алып барып жатканы боюнча былтыр биздин гезит жазган. Акыркы ошол коррупциялык иштер аныкталып олтурат. Биз алардын кармалганын эмсс, башка өңүтүн карагыбыз келип турат. Президент баш болуп коррупцияга бөгөт кое албай атсак, быякта күчөп атканы кызык. Деги бул коррупция деген неменин тамырын кыркуу мүмкүн эместей туюлуп кетүүдө. Көп учурда пара алып кармалса, биз сөз кылып жаткан министрдин орун басары Ногойбаев пара берип кармалып атат. Былык иштери чубалатурган болуп калганда, карайлап пара берип атат да, туурабы?

Буларда кармалып калабыз, элдин ырыскысына кол салбайлы деген түшүнүк жок экен, эй!

Жеген акчаларыбыз кенен жашаганга, үй-бүлө бакканга, а түгүл кармалып калсак, сотторду сатып алганга да жетет деген түшүнүк менен жашап калышыптыр.

Мындайлар эл аралап баспагандай кыла турган деңгээлге жетишибиз керек. Коррупцияга жол жок!

Булак: Де-Факто

Последние новости