www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абанын температурасы жогорулап, күн ысыган сайын сууга түшүүлөрдүн саны көбөйүп барат. Бул багыттагы табигый кырсыктардын алдын алуу максатында милиция тарабынан тынымсыз иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, Аксы РИИБи тарабынан өспүрүмдөр катышкан терс көрүнүштөргө жана кырсыктарга бөгөт коюу багытындагы иштер уюштурулуп, айыл жерлеринде түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Район аймагындагы сууга түшүүгө кооптуу деп эсептелген каналдарга, чоң арыктарга, көлмөлөргө эскертүү тактайчалары орнотулду.
Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүлөрүн болтурбоо үчүн ата-энелерди өз балдарын жөнү жок көчөгө чыгарбай, алардын жүрүм-турумун жана кайда жүргөнүн көзөмөлгө алууга чакырышты.
Ошондой эле өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылуусунун алдын алуу багытында бир катар объекттер текшерүүгө алынып, жумуш берүүчүлөргө эскертүүлөр берилди.
Булак: NazarNews.kg