www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайкы туристтик мезгил башталгандыгына байланыштуу, облустун аймагында автоунаалардын саны кескин түрдө көбөйүп, бул учурда жол кыймылынын коопсуздугун натыйжалуу камсыз кылуу иштери талап кылынууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБы боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук ИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн курамы тарабынан жалпы жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында, жол кыймылынын коопсуздугу багытындагы профилактикалык мүнөздөгү “Ылдамдык”-“Руль башкаруу” (Скорость-За рулем) аталыштагы рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. 

Иш-чараларды жүргүзүү учурунда, тагыраагы 2020-жылдын июнь айынын 10унан бүгүнкү күнгө чейинки аралыкта жол эрежесин одоно бузган жалпы 847 айдоочу аныкталып, бузуулар тууралуу протоколдор түзүлдү, анын ичинен:

-мас абалында автоунаа башкарган 39 айдоочу;
-ылдамдыкты ашырып айдаган 543, 
-автоунаа башкарууда тиешелүү документтери жок 21,
-автоунаалардын терезелерин  карангылатып айдаган 8, 
-автоуунааны мамлекеттик белгиси жок башкарган 5.

Ошондой эле, жол белгилерине баш ийбеген 38 жана башка жол 193 жол кыймылынын  эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды. Ал эми  43 автоунаа  унааларды атайын токтотуучу жайга токтотулду.

Азыркы кырдаалга жараша жол тескөөчүлөр айдоочулар  менен жүргүнчүлөр арасында  коронавирус илдетинин жайылып кетишине жол бербөө максатында санитардык нормаларды жана  жеке коопсуздукту сактоо боюнча сунуштарын берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости