www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Жалал-Абад ОИИБи:

Жалал-Абадда дезинфекциялоочу туннелдер коюлууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу жана алардын ден соолугуна кам көрүү максатында бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылууда.

Атап айтсак, Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кире беришине дезинфекциялоочу туннелдер орнотулду. Туннелдерди орнотуунун максаты милиция кызматкерлеринин коронавирус илдетин жуктуруп алуусунун, оорунун таралуусунун алдын алуу жана санитардык эрежелерге ылайык коюлду. Милиция бөлүмдөрүнө кирген ар бир кызматкер жана атуулдар бул жай аркылуу өткөрүлөт.

"Эл менен тыгыз иш барып, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан милиция кызматкерлерине кам көрүү максатында алдыда башка ШРИИБдерге дагы дезинфекциялоочу туннелдерди орнотуу иштери улантылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости