www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таджикистандын Улуттук илимдер академиясы тажик окумуштуулары тарабынан ойлоп табылган жасалма дем алдыруучу аппаратты (ИВЛ) чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, ИВЛ аппараты борбор шаар Дүйшөмбүдө өндүрүлөт. Бул ИВЛ аппараты физиктер тарабынан иштелип чыгып, Дүйшөмбү шаарындагы клиникалык ооруканада жактырылган. Мындан тышкары Улуттук илимдер академиясы вирусту, анын ичинде коронавирус инфекциясын дезинфекциялоо үчүн жалпы антисептик катары бардык өлкөлөрдө кеңири колдонулган натрий гипохлоритин өндүрүп жатканы белгилүү болду.
Акыркы маалыматтар боюнча Таджикистанда жалпы 7 миң 192 адамдан коронавирус аныкталды. 59 адам каза болсо, 5 миң 970 бейтап айыгып чыкты.
Булак: NazarNews.kg