www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында убактылуу үй-жайсыз калган жарандар үчүн түнөк ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Кабылбек Көчкөнбай уулу билдирди.

Жалал-Абад шаарында барар  жери жок жарандар үчүн  ачылган   түнөк үйү  1-ноябрдан баштап  иштей баштады. 

Мында 2 бөлмөдө 15 орун даярдалып, аялдар менен эркектер өз-өзүнчө  жаткырылат. Аталган түнөк үйгө кайрылган жарандарга түнөгөнгө орундуктан сырткары  1 маал ысык тамак берилет.

Түнөк үй бир топ жылдан бери Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борбору тарабынан уюштурулуп келет.

Аталган имарат Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин карамагындагы стадиондо орун алып, анын 3 бөлмөсүн “Кайрымдуулук борбор” түнөгөнгө жайы жок адамдар үчүн жатакана катары пайдаланып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости