www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган арзан баадагы көмүр Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түмөнбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык “Строймаркет” курулуш базарынын короосунда сатылууда. Бул тууралуу Кабылбек Көчкөнбай Уулу жазып чыкты.

Көмүр шаар тургундарына гана жеткиликтүү жана ар бир кардарга 1 тоннадан ашык көмүр сатылбайт.

Шаар башчысы Э.Ормоков муну көмүрдүн жарандардын барына бирдей жеткиликтүү болуусун камсыздоо жана ортомчулар дүңүнөн алып, кайра элге кымбат баада сатуусунун алдын алуу максатында көрүлгөн чара экенин белгиледи.

Арзан көмүр суроо-талапка жараша үзгүлтүксүз негизде Таш-Көмүрдөн ташылып турат.

Кошумча маалымат үчүн тел: 0553 008 595; 0778 620 205

Булак: NazarNews.kg

Последние новости