www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурда мен да БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы жаман көрчүмүн, кийин кеп анда эмес экенин түшүндүм. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Шайлдабекова шайлоого даярдык тууралуу баяндама жасап бүткөндөн кийин өлкө башчы анын ишмердүүлүгүнө баа берди.

«Айрымдары «Шайлдабекова кетсин, ушул шайлоону тигинтип, минтип жатат» деп жазууда. Ачыгын айтайын, мен дагы мурда эл сыяктуу Шайлдабекованы жаман көрчүмүн. «Баарын ушул аял кылып жатат, Боршайком күнөөлүү болуп жатат» деп ойлочумун да. Былтыр октябрь окуясынан кийин Нуржан Кармабековнадан баарыбыз сурандык, кыйнап же башка кылган жокпуз. Жаңы Конституцияны кабыл алып алалы, үч айда бүтөт, президенттик шайлоону дайындабай туруңуз, анан жаңы система менен тарыхтын эски барагын жаап кетели дегенбиз. Болбой дайындап салды, айла жок катыштык», — деди Жапаров.

Ошондон кийин ал кептин баары Нуржан Шайлдабековада эмес экенин түшүнгөнүн ачык айтты.

«Кептин баары төбөсүндө туруп алгандарда экен. Нуржан Кармабековна көз каранды болуп көбүн айла жок жасайт экен. Кыргызда «балык башынан сасыйт» деген сөз бар. Андыктан биз — башы сасыбасак этеги жакшы болот экен. Ал мыйзамдуулукту туу тутуп, шайлоону таза өткөрүүгө акылы да, күчү да жетет экен. Ошон үчүн жаман көрсөм да алып келип кайра кызматка койдум. Анткени мыйзамдуулукту орнотууда бизге мындай адамдар керек», — деди президент.

Аны менен катар Жапаров мындан ары да таза, адилеттүү болууга чакырып, чыр-чатак жаралса ачык айтып чыгып, чара көрүү керектигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости