www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик органдардын жетекчилери же алардын кол алдындагы адамдардын бири дагы шайлоо процессине кийлигишпеши керек. Ага жол берилбейт, - деп билдирди президент Садыр Жапаров.

Бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров төрагалык кылып жатат.

С.Жапаров өз сөзүндө алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча да пикирин билдирди.

«Мыйзамдын бардык ченемдерин кынтыксыз аткаруу принциби мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй системасы сыяктуу эле шайлоо процессинин эң негизги өзөгү болууга тийиш. Эч кимдин КРнын мыйзамдарын бузууга укугу жок. Бул өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо өтө маанилүү.

Тилекке каршы, айрым кызмат адамдары өлкөдө кардиналдуу өзгөрүүлөр болгонун түшүнүшкөн жок. Алар мурдагыдай эле кызматтарын пайдаланып, кайсы бир депутаттыкка талапкерге же саясий бирикмеге жардам бере алабыз деп ойлошкон. Мындай кызмат адамдарына колдонуудагы мыйзамдын негизинде чара көрүлүп, айрымдары ээлеген кызматтарынан кечиктирилгис түрдө бошотулду. Бул көрүлгөн чараларды туура деп эсептейм.

Шайлоо процессине кийлигишүү фактыларына бөгөт коюу иштери бардык деңгээлде жүргүзүлүп жатат. Мындай иштер УКМК жана ИИМ тарабынан шайлоочуларга таасир этебиз деп ойлошкон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата да жүргүзүлүп жатат. Биз мындай факттарга чечкиндүү, оперативдүү жана эффективдүү түрдө бөгөт коебуз», - деди президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости