www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул боюнча  Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы жаран милицияга кайрылып, мыйзамга каршы аракеттер боюнча билдирме берген.

Билдирүүгө караганда, 2020-жылдын 31-августунан 1-сентябрына караган түнү саат 01:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде бейтааныш эки бала жана алардын 20-25 жаш чамасындагы эки досу жабырлануучуга карата күч колдонушкан. Алар арыз ээсинин эркине каршы колун кайрып автоунаага салып, чет жакка алып барып ур-токмокко алып, көтөрүп жүргөн “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 4 миң 500 сом акчасын тартып алышкан.

Аталган факты Жалал-Абад шаардык милициясынын КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүүлөрдү аныктоо жана аларды жоопко тартуу максатында тергөө-ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп, анын натыйжасында Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана Жалал-Абад ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип Жалал-Абад шаарынын тургундары 1994-жылы туулган А. Д., жана 1995-жылы туулган Ш.К., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Алынган маалыматка ылайык, аталган эки жаран Ички иштер министрлигинде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турушат", - деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, эки айлык мөөнөткө камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости