www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ- Жаңы жылга чейин тойканаларды жабуу сунушталат

Нарын шаарындагы тойканалар жугуштуу илдеттен улам коюлган чектөөлөргө баш ийбей, санитардык талаптарды аткарбай келишүүдө.Нарын шаардык мэриясы күнүгө текшерүүлөрдү өткөрүп айып пулдарды салганы менен көп сандагы адамдардын катышуусунда тойлор өтүп жаткандыгына байланыштуу, эми КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рээстрине каттоого алуу менен чара көрүүлөөрүн эскертебиз.

Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык ички иштер бөлүмү, санэпид көзөмөл кызматы менен бирдикте дем алуу күндөрү кечки рейдттерди уюштуруп көп сандагы адамдардын катышуусунда өтүп жаткан тойлорду аныкташты. ”Хантеңгри”, ”Корона”, ”Салтанат Холл” ресторандарынын ээлерине айып пулдар салынып, өндүрүлдү.

Ошол эле учурда Нарын шаарындагы баардык тойканаларды жаңы жылга чейин жабуу сунушу облустук штабдын отурумунда каралат.

КОВИД-19 инфекциясынан улам эпидемиологиялык кырдаал турукташа элек жана бул оорунун таралышына бөгөт коюуу максатында иштелип чыккан чектөөлөр күчүндө экендигин билдиребиз. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясын басма сөз казматы билдирди.



Булак: NazarNews.kg

Последние новости