www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Бектур Асанов президенттик шайлоого катышууга болгон аракетин токтотпойт. Бул тууралуу ал NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

“10-декабрда сот туура чечилип калса, 14-декабрга чейин каттоо болот. Менин формалдуу түрдө сот аркылуу шайлоого катышып калуу мүмкүнчүлүгүм бар. Азыркы күндө кол топтоо уланууда. Учурда 30 миңге жакын кол топтолду. Соттун чечимин гана күтөм. Саясатта метод аябай көп. Эгер шайлоого катыштырбай койсо анда башка талапкерди колдойбуз”, - деп билдирди. 

Эске салсак, БШК 19-ноябрда Бектур Асановду “соттолгон” деген негиз менен президенттик жарыштан четтеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости