www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 28-ноябрь күнү саат 09.01де Ош шаарынын 62 жаштагы жаран телефон чалып, кеч үйгө келбеген уулун издеп чыгып, Ош шаарынын Атабаев көчөсүнөн канга боёлуп каза болуп жаткан уулу 32 жаштагы П.А.тапкандыгын билдирип, маалымат берген.

Жансыз дене табылган жерге Ош ШИИБнын жетекчилиги, ыкчам тергөө тобу барып, маркумга кароо жүрузүшкөн. Маркумдун денесинде 21 жеринде бычактан алган жарат издери болгон.

Издөө иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 58 жана 60 жаштардагы эки Ош шаарынын тургундары кармалышты. Экөө тең мурда адам өлтүрүү боюнча соттолуп чыгышкан.

Шектүү катары кармалган 1962-жылы туулган С.О.нун жашаган үйүн кароо учурунда кан болгон кийимдер, 1 даана кандын тактары бар аш бычак жана узундугу 40 см. таяк табылган.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык алгачкы конфликт маркум П.А. менен С.О.нун ортосунда 27-ноябрдан 28-ноябрга караган түнү ичкилик ичип отурушуп, мас абалда «сен мени сыйлайсыңбы, же сыйлабайсыңбы?» деген талкуудан улам күчөп, аягы адам өлүмүнө алып келген.

Учурда бул кылмышка шектүү катары 58 жаштагы С.О. жана 60 жаштагы Ж.А. адам өлтүрүүгө шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости