www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жуманын негизги окуясы – Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин “сүзүшө” кеткени болду. “Азаттыктын” эфиринде “вы никто!” деген Текебаевдин сөзү юрист Зулпиевге эмес, бийликте убактылуу отурган “досторго” багытталганын аңдыгандар дароо түшүндү.

Садыр Жапаров жума күнү “жүзү каралардын жүзүн ачам!” деген интригасы дүйшөмбүгө чейин сакталып, бирок эл күтүп жаткан эффектти берген жок. “Резонанс болот” деп жаткан жаңылык баягы Сегизбаевден калган “Маевский иши” экен...

Биринчиден, “Маевский иши” коомдук пикирде эбак Текебаевдин пайдасына чечилген, тергөө далилдеп бере алган эмес.

Экинчиден, бул иш боюнча Текебаев отуруп чыккан. Үчүнчүдөн, бир иш үчүн эки жолу камабайт. Кыскасы, бомба жарылбай калды. Текебаевдин да байкатпай туруп капшыра “сүзгөн” адаты бар эле, байкайлычы...

Булак: «Азия Ньюс» гезити

Последние новости