www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Дженго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновго издөө жарыялады. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

УКМК уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана алардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу боюнча аракеттерин улантууда. Анын негизинде Досонов бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жатат.

28-октябрь күнү Ош шаардык соту тарабынан Досоновду камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарылып, издөө жарыяланды.

УКМК учурда анын жүргөн жерин аныктоо жана башка кылмыш иштерге тиешеси бар-жогун аныктап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости