www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жакынкы сааттарда жана түштөн кийин катуу шамал болуп, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына шилтеме берүү менен мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Бишкек шаарынын мэриясы кырсыктарды алдын алуу жана жеке мүлккө зыян келтирбөө үчүн шаар тургундарынан унааларын бак-дарактардын жана жеңил салмактагы нерселердин жанына койбоону суранат. 1-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, кээ бир жерлерде -1...-3 үшүк жүрөт, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 0…5;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 1…3 градус.

 

Булак: NazaNews.kg

Последние новости