www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы өндүрүштүк жана үрөн кооперативинин ишмердиги менен таанышып чыкты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
"Биз азыр айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү үчүн өзгөчө көңүл буруп жатабыз, узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыялар дыйкандарга жеткиликтүү. Ошондуктан муну менен бирге биз пахтаны жөн гана сатпастан, аны толугу менен кайра иштетүүнү жана продукцияны өндүрүүнү камсыз кылышыбыз керек", — деп айткан Жээнбеков жергиликтүү дыйкандар менен баарлашып жатып.
Кошумчалай кетсек, мамлекет башчы жеңил өнөр жайдын өнүгүшү жана аймактарда жаңы текстиль фабрикаларынын курулушу менен пахтага болгон суроо-талап жогорулай турганын баса белгиледи.
Дыйкандар муну эске алуу менен өнөр жайдын муктаждыктарын жабуу үчүн эгилген пахтанын көлөмүн көбөйтүшү керек. Буга байланыштуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана жергиликтүү бийлик органдарына бул багытта максаттуу иштерди алып баруу сунушталды.
Кооперативдин жетекчиси Рустам Тажибаев бул жайдан жашылча-жемиш, бакча өсүмдүктөрүн, тамыры азык жана түймөк тамырлуу өсүмдүктөрүн өстүрөрүн айткан.
Ошондой эле пахта жана буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн өндүрөт. Үрөнчүлүк кооперативине 121 гектар сугат жер бөлүнүп, ишмердүүлүгүн кеңейтүү үчүн жеңилдетилген каражаттар берилген.
Булак: NazarNews.kg