www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Республикалык штаб кафе жана ресторандарга 100 кишиге чейин кардарды кабыл алууга уруксат бериши ыктымал. Мекемеден билдиришкендей, Өкмөттүн токтом долбоору Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунушталган.

Эске салсак, коомдук тамактануу жайларында эң көп дегенде 50 конок болушу керек. Клубдар менен көңүл ачуу борборлордун иштешине азырынча уруксат бериле элек.

Азырынча документтин долбоорунда коомдук тамактануу жайларында орундарды 100 адамга чейин көбөйтүү жана турнирлерди эшикте уюштурууга уруксат берүү сунушталган.

Ошол эле учурда бийлик той-аш, майрамдарды өткөрүүгө тыюу салып, социалдык аралыкты сактоону талап кылууда.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости