www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажарлуу айым болгуңуз келеби?

Сулуу, татынакай көрүнүү үчүн ыңгайлуу чач жасалга, макияж жана кийимди туура тандаганды үйрөнгөнүбүз жакшы. Муну менен катар төмөндөгүдөй сырларды билип алганыңыз, пайдасын бербей койбойт...

Өзүңүзгө жарашкан гана түстөрдү тандаңыз

Баарына жараша турган түстөр бар, бирок бул түстөр адамдарга жараша айырмаланат. Мисалы, кара торулардын көзү жана чачы коюу түстө болгондуктан түс тандаганда дагы коюу түстөргө басым жасаганы жакшы. Чымкый-кызыл (бордовый) жана күрөң түстү ачык түстөр менен айкалыштырууга болот. Ак жуумал болсоңуз пастелдик түстөрдү коюу түстөр менен бирге колдонуңуз.

Кийимдериңиз кемчиликтериңизди жашырып турсун

Моданын артынан кубалоо сизди моданын артынан кууган бири гана кылат, сулуу эмес! Денеңиз алмурут формасында болсо, туника кийүү менен кемчиликти жашырууга болот. Бут бөлүгүңүз жоон болсо, кышкысын ботинка кийип, жайында көбүрөөк шым кийиңиз. Толук айымдардын ачык түстө кийим албай эле койгону жакшы.

Жүзүңүзгө жана териңизге жараша макияж кылыңыз

Кара торуларга күрөң, ал эми ак жуумалдарга кызгылт түстөр жакшы жарашат. Көзүңүз чоң болсо жеңил, а эгер кичине болсо чоң көрсөтчү калың макияж жасаңыз. Эриндери ичкелер калың көрсөтүү үчүн карандаш менен чийип алып, андан соң эндик колдонгону туура. Кирпик айымдын эң маанилүү куралдарынын бири, андыктан жакшылап тарап, тегиз боёгонго аракет кылыңыз.

Чач жасалганы бетиңизге жана баш түзүлүшүңүзгө карап жасаңыз

Мисалы бетиңиз чарчы формада болсо түз чач, тегерек болсо чекеден экиге бөлүнгөн чач жакшынакай көрсөтөт.

Чачыңызды териңиздин түсүнө жараша боёңуз

Кара торулар сары чачтын ордуна шокалад түстү тандаганы туура. Териңиз абдан ак болсо, коюу түстөр жакшы жарашат. Ошентсе да, бетиңизди бираз боёо керек экенин унутпаңыз.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости