www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин коронавируска каршы вакцина иштеп чыгуу жана аны элге жеткирүү үчүн Сауд Арабиясы менен бирге иш алып бараарын айтты. Бул тууралуу indyturk.com маалымат порталы жазган.
Цзиньпин Сауд Арабиясынын королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд менен телефондо сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө коронавирус илдетине каршы вакцина иштеп чыгуу боюнча чогуу иш алып барууга басым жасалды. Эки тарап вакцина иштеп чыгуу жана элге жеткирүү үчүн G20 тобундагы өлкөлөр арасында кызматташтыкты арттыруу жана координацияны күчтөндүрүү керек экендигин талкуулады.
Кытай Эл Республикасынын президенти Сауд Арабия өлкөсүн вирус менен күрөшүүдө колдой тургандыгын жана кыйынчылыктар менен күрөшүүдө материалдык жардамдар жөнөтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле, бүтүндөй адамзат үчүн орток душманга айланган вирустун дүйнө өлкөлөрү ортосундагы ынтымак, кызматташтыкты арттырганын кошумчалап өттү.
Бул боюнча Цзиньпин Кытай мамлекетинин “Бир муун бир жол” аттуу инициативасын Сауд Арабиясынын “Визион 2030”менен бирге координациялоо үчүн Эр-Рияд менен иштешүүгө даяр экенин белгиледи.
Ал эми SPA Сауд Арабиялык кабар агенттиги: “Сауд Арабиянын элге кызмат кылуу, глобалдык экономиканы колдоо жана илдетти жеңилдетүү үчүн аталган топтун өлкөлөрү менен иштешүүнү каалаганын” маалымдады.
Ошондой эле, сүйлөшүүдө: “эки өлкө ортосундагы стратегиялык мамилелерди жана алардын түрдүү тармакта өнүгүүсүн күчтөндүрүү жолдорун талкуулагандыктарын” билдирди.
Булак: NazarNews.kg