www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңешинин А.М.А. аттуу депутатына мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, эл өкүлү саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгону айтылат.

"Ал мүлктөрүн жашыруу үчүн жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан. Атап айтсак, соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, "Каприз" борборундагы коттедж, 3 особняк, жана ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык каражатты түзгөн", — деп жазылат маалыматта.

Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан эл өкүлү 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңешиндеги саясий таасирин колдонуу менен көптөгөн мүлккө ээ болгондугу болжолдонуп жатат.

УКМК учурда анын байлыгын мыйзамдаштырууга катышкан адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча аталган депутат Марат Аманкулов болушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости