www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нооруз майрамына карата борборубузда өткөрүлгөн спорттук мелдештер бул ирет да чуу менен коштолду. Көк-бөрүнү көрүү үчүн келген эл ат майданга эл батпай бири-бири муштап, милиция кызматкерлерине ээ жаа беришкен жок. Мындан улам эл арасында жана кыргызга белгилүү инсандар да ооз көптүрө сүйлөгөндөрдүү журналист коомчулугу кызуу сындашты. Алардын бири журналист Баяна Кулова өз баракчасына:  "Атактуу балбаныбыз Канатбек Бегалиев "Ээн оодугун карматып намыс менен спортту Таластан эч ким талашпай эле койсун" дептир... Балбанга айтаарым бар, НАМЫС менен СПОРТ ар бир аймакта бар! Сиз жөнүндө буга чейин таластыктарга жан тарта берет, команданы бөлөт деген сөздү угуп бирок дайыма сиз тарапта болуп Канат байке антпейт, көрө албастык кылбагыла деп жан тартып койгонумду кантейин. Көк-бөрүнү ар бир аймактын балдары ойнойт, керек болсо өзүңүздү ат матыңыз менен бир колдоп тай казанга ыргытып ийчү балбандар бар. "Балбаныбыз бар" деп өлкө сыймыктанып жүрсө айткан сөзүңүзгө түшүнбөй калдым! Өлкөнүн экинин бири болуп олтурган төрага Дастан Жумабеков, ааламга алакандай кыргызды тааныткан Сабырбек Жумабеков да мынчалык мактанган эмес жана мактанбайт! Бирок, ошол экөө мактанса соонун жарашмак! Экөө Талас эмес бир гана кыргыз деп сүйлөшөт! Көп сөз айтса болот эле, бирок сиздей трайбалисттер сөздөн айлансын! Сыйдан айлансын! Касиеттүү Таластын кутун качырып 800 миң шайлоочунун ишенимине түкүрүп качып кеткен Бабановдон кийинки адам сиз болдуңуз! Аман эле болуңуз!"- деп жазып чыкты.   

Эскерте кетсек, Канатбек коомчулукка тараган видеодо: "Мен баса белгилеп айта кетерим, бүгүнкү күн - бул тарых. Бул 10 жылдан кийин, 20 жылдан кийин дагы айтылып кала берчү күн. Бул күндү ушул жигиттердин (көк бөрүчүлөрдү көрсөтүп), эр-азаматтардын балдары да айтып жүрөт. Бардыгыңарды куттуктайм, урматтуу күйөрмандар. Бүгүн кимдин ким экени билинди. Мен айтар элем, спорт менен намысты Талас облусунан эч ким талашпай эле койсун", - деп айткан эле. 

Маржан Назарбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости