www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кэмбриджден чыккан Александр Коган 2014-жылы «Facebook» тест-баракча ачкан. Ал адамдын ким экендигин аныктайт. Аталган тиркеме ар бир адамдын өз каалоосу менен алардын өздүк маалыматына ээ болууга мүмкүнчүлүк алган. Ошону менен бирге эле ал ошол адамдын макулдугу менен досторунун өздүк деп саналган маалыматтарына да ээ боло алган. Дал ошол убакта бул аталган социалдык түйүндө мүмкүн болуп, ага бардык шарттар түзүлгөн. Жыйынтыгында, аталган тиркемеге макулдугун 270 млн адам берген. Алар ошону менен достору жана жакын санаалаштарынын маалыматтарына кирүүгө кеминде 50 млн  адамдын өздүк деп саналган маалыматтарына ээ болууга макул болушкан. Кийин Коган бул маалыматтарга ээ болгондон кийин, аны Cambridge Analytica аттуу британиялык компанияга саткан. Аталган компания анализдөө, изилдөө жана и маркетинг боюнча иш алып барат.

Британиялык "Cambridge Analytica" консалтинг компаниясына "50 миллиондой "Facebook" колдонуучусунун жеке маалыматтарын кыянат колдонгон" деген кине тагылууда. Анын президент Доналд Трамптын үгүт ишине катышканы чууну ого бетер күчөттү. Кабар тарагандан бери "Facebook" ондогон миллиарддарынан айрылды.

​Кристофер Уайли мурда "Cambridge Analytica" компаниясында иштеп кеткен. Чуу ошол экс- кызматкердин маектеринен кийин чыкты. Ал компанияда маалыматтарды чогултуп жана талдап иштегенин айтууда. "NBC News" телеканалына Уайли "Cambridge Analytica" "кыңыр иштерди жасаган" деп айтып берди:

- Бул компания "Фейсбуктагы" 50 миллион кишинин маалыматтарын алганын эл билиши керек, бул өтө маанилүү деп ойлойм. Алар маалыматтарды кыянаттык менен колдонуп жатышат.

Cambridge Analyticaнын мурунку кызматкери Кристофер Вайлинин айтымына караганда, компания учурдагы президентин шайлап жаткан учурда колдонгон дейт.  - Трампттын шайлоо компаниясында «Фейсбукта»  релеванттик политикалык жарнама көрсөтүлүп, колдонуучулардын ишенимине кирип, Дональда Трампка британдык компания жардам берген экен, бирок, канчалык деңгээлде колдонуучулардан добуш алгандыгы белгисиз. 

Колдонуучулар тарабынан учурда ыңгайсыз жана ишенбөө сезими пайда болду. «Фейсбуктун» пайдалануучулары кооптонуп жаткандыгын баракчаларда билдиришүүдө. Ал эми "Фейсбуктун" базардагы акциясы төмөндөгөндөн улам, ал $6 млрдка жабыркаган.

Социалдык түйүндөрдө, айрыкча Твиттерде  "Фейсбук"  менен колдонбогула деген ураандар катары менен чыгып, аны WhatsAppтын негиздөөчүсү Брайан Эктон да колдоду.

Эске салсак, анын тиркемесин «Фейсбук» $16 млрдка сатып алган.

Чындыгында "Фейсбуктан" бардык маалыматтарды ыкчам түрдө алып, аны таратып, дүйнө менен баарлашсаң болот. Мындай мүмкүнчүлүктү башка социалдык түйүндөр жетиштүү деңгээлде колдонуучуларга шарт түзүп бербегендиктен аталган тиркемени колдонгон адамдардын саны арбын. Ошол эле убакытта, маалыматтарды уурдады деген Фейсбукту күнөөлөп кереги жок. Айрым маалыматтарга таянсак, вотсап тармагынан деле маалыматтарды урдоо өтө оңой экендигин айтышат, адистер.

Жазгүл Урмамбетова,

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости