www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «Суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 16-январында кабыл алынган.

Мыйзам «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Ушул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү жактардын жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости