www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мекемелери 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо жана алардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн туруктуу негизде иш алып баруу боюнча милдеттенмелерди алышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин социалдык абалын жакшыртуу, ошондой эле согуштун ардагерлеринин маселелерин чечүүгө мамлекеттик органдардын көңүл буруусу боюнча чараларды кабыл алуу максатында жасалууда.

Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ардагерлерге туруктуу негизде социалдык жана финансылык жардам көрсөтүшүп, алардын жашоо шарттарын жакшыртууга аракеттешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости