www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция митинг учурунда ЖК кызматкерлерине кол көтөргөн аялдарды издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, 2-март күнү митингге чыккан 20-30 чакты аяга милицияга издөө салууда. Себеби, алар Ак үйгө барып дарбазасын каккылап, кирүүгө аракет кылган. Андан соң жумуштан чыгып бараткан кызматкерлерди жулкулдатып, кол көтөрүп, эл алдына президент менен катар депутаттардын да чыгышын талап кылган.
Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, майда бейбаштык деген негизде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Эске салса кетсек, 2-март күнү Ала-Тоо аянтында өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген 5 миңге жакын адам Садыр Жапаровдун боштондукка чыгышын талап кылып нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда тараптар бири-бирине таш ыргытып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.
Булак:NazarNews.kg