www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Сузак рай           ондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен соттолгон, ишиндеги кемчиликтери себептүү мектеп директорлоугунан бошотулган Алмазбек Бечеловду дайындады. Азыркы күндө бул жетекчи райондун бүтүндөй элге билим берүү тармагын жетектеп, келечек муундарга таалим-тарбия берүү ишин колго алды. Бул тууралуу маалыматты Нурболот Бекишев NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.

А. Бечелов мурда райондук айрым бийлик структураларында иштеп жүргөн, билим берүү тармагында да иштеп көргөн. Бирок, 2006-жылы 25-апрелде Сузак райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 184-статьясынын 1-бөлүгү, 166-статьясынын 2-бөлүгүнүн 4-пункту, 166-статьясынын 3-бөлүгүнүн 2-пункты менен күнөлүү деп табылып, жаза катары 6 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, сот айрым жеңилдетүүчү жагдайдарга көңүл буруп, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен жазаны аткаруудан бошоткон. Ага чейин ал баш коргоо чарасы катары камакта жаткан.

Кийин А. Бечеловдун апелляциялык арызы менен бул ишти Жалал-Абад областтык сотунун коллегиясы карап, Сузак райондук сотунун өкүмүн бузуп, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 171 статьясынын 1-бөлүгү менен күнөлүү деп таап, 1 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, кайра эле КЖКнын 68-статьясы боюнча жазаны өтөөдөн бошоткон.

Мындай соттук жазага кириптер болушуна А. Бечеловдун айрым кылмыш аракеттери себеп болгон. Ал айылдык Сагынбек Тапаев аттуу жарандын муктаждыктарынан пайдаланып, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде таанышы барлыгын, ага мамлекеттик ссуда алып берерлинин айтып, андан жалпысынан 17 миң 400 сом акча алып, кийин убадасын да аткарбай, акчаны өз кызыкчылыгына жумшап жиберген.

Кийин ал Сузак районундагы О. Тажибаев атындагы орто мектепте директор болуп жүрүп, системалык түрдө ишке чыкпай, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин буйругу менен кызматтан алынган.

Эми ушундай жүрүм-туруму менен жалпы районго аты чыккан кишини Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги 4 миңден ашуун ак ниети менен таза иштеп жаткан мугалимдердин жетекчиси катары баалап, сый-урмат менен дайындаганына райондогу мугалимдер таң калып жатышат. Мындай кадрды райондун жакында эле соттолгон акими да колдоп жатканы кызык. Калыбы, тынч жаткан Сузак районундагы билим берүү тармагында тополоң чыккан калды окшойт.  

Сузакты жалаң соттолгондор башкарабы?

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости