www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Гулистан айылында белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун үйүнө кирип, акча менен алтын буюмдарын алып кеткен деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган 47 жаштагы аял каракчылар анын колу-бутун байлап, тапанча менен коркутуп, акча талап кылганын айткан. Кожейкеден тышкары үйдө келини балдары менен болгон. Жабырлануучу жакындарынын өмүрү үчүн кооптонуп, кылмышкерлердин сураганын берген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абаддын 41, 24, 19 жана 26 жаштагы жашоочулары кылмышка шектүү катары кармалышкан. Күнөөсүн мойнуна алган жарандарга Кылмыш жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө уланууда.

Булак: "sputnik.kg"



 

Последние новости