www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү  ММК (массалык маалымат каражаттарында) ЖК нын экс-депутаты, экс- спикери Акмат Келдибековдун ысымынын тегерегинде ар-кандай “деңгээлдеги”, айрымдары өтө пастык мазмунда жазылган макалалар пайда болууда. Кыскача тарыхка кайрылалы. Акмат Келдибековду спикерликтен кетирүү саясий оюну (көп “оюндардын” бири) уюштурулуп, аны кетирүүгө мен салым кошком деп, учурунда депутат Өмүрбек Текебаевдин айтканы бар.

Демек, бул саясий буйрутма болгонун айгинелейт. А. Акаевдин, кийин К.Бакиевдин учурунда бир топ жооптуу, жетекчилик кызматтарда иштеп Акмат Келдибеков өзүнүн принципиалдуу (марионетка эмес), кесипкөй кризис менеджер экенин иш жүзүндө тастыктаган. Кайсыл тармакта иштесе да жаңы новаторлук жөндөмүн көргөзүп, тартынбай реформаларды жасай билген.Сөз куру болбос үчүн мисал келтирсек, Социалдык фондду жетектеп турганда акчанын ордуна  пенсионерлерге берилчү (самын,ун,күрүч жана башка...) натуралдык төлөмдү жоюп, акчалай берүүнү А.Келдибеков киргизген.

Мамлекеттик салык инспекциясын жетектеп, төлөмдөрдүн  элге ыңгайлуу, жөнөкөйлөштүргөн механизмдерин да дал ушул жигит коркпой-үркпөй эле ишке ашырган. Бул жасалган көп иштеринин бир чети гана, реформа болуп эсептелери анык. Коррупция беренеси менен соттолду деп, элге душман кылып көргөзүүнүн кажети жок. Себеби коюлган айып далилденбей, айласы кеткенде марионетка соттор Россиянын Мамлекеттик Думасындагы өкүлчүлүккө мыйзамсыз акча сарпталган (айлык маяна үчүн) деген айып тагышкан.

Учурунда экс-президент А.Атамбаев да, сот системасында реформа жасаш керек, булар коррупцияга белчесинен баткан деп айтканы бар, анан окурман өзүң талдай бер. Фактылар айтып тургандай учурунда Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын 89 депутаты Россиянын Мамлекеттик Думасында Кыргыз парламентинин өкүлчүлүгүн ачуу зарылдыгы бар деп добуш берсе, аны Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р.Отунбаева колдоп, каржы министрлиги бюджеттен штаттык кызматкерлерге айлык маяна үчүн акча бөлүп берсе, акырында келип спикер күнөөлүү болгону абсурд да, логика кайда?

Акмат Келдибековдун “соттолгону” 8-ноябрь 2017-жылы мыйзамдуу жокко чыкпадыбы жана ал жөнүндө сөз кылуунун кажети барбы (эски жараны козгоп)? Деги эле кайда баратабыз, “ит күлүгүн-түлкү көрө албайт” болуп? Партияларга, кландарга бөлүнүп, ичи бузуктардын буйрутмасын аткарып, аруубузду булгап жок болуп кетебизби кайран кыргызым? Ар бир адамдын өз эрки эмеспи кайсыл адам менен, кайсыл чөйрө менен мамиле кылуусу, ага кимдин моралдык укугу бар кийлигишүүгө? Колунан кармап албаган соң, мынча пара алыптыр деп, бирөөнүн жеке инсандык аброюна шек келтирүүнүн канчалык кажети бар? Түрмөдө отуруп кантип илимий иштерди жазды дегендик, өтө пас болуп калыптыр.

Солженицын атактуу “Архипелаг-Гулагын” куугунтукта жүргөндө, Сахаров бир топ илимий иштерин диссидент болуп жүргөндө жазышканын билебиз. Үч жарым жыл соттук териштирүү уланып, ал ортодо ден-соолугунун айынан чет өлкөгө барып дарыланып (аны врачебный консилиум тастыктап), качпай-этпей эле кайра келип (мыйзамды сыйлап), сотто өзүнүн укугун коргоп, далилдеп бербедиби? Акмат Келдибековдун“Мен түрмөдөн Сталиндин, Ли Куан Юнун, Нельсон Манделанын өмүр баяндарын окуп, адилетүүлүктүн  терең маанисин түшүндүм” деп айтканы бар.

Түрмөдө уктап жаткан жок да...! Бул жигит табиятынан айкөл, кеменгер, кечиримдүү, такшалган саясатчы катары сабырдуу, сын көтөрө билген инсан.  Качан “таба эмес-тобого”өтөбүз кыргызым? Докторлук диссертациясы чийки болуп калыптыр деп ызы-чуу чыгарыштын кажети барбы? Аны К.Э.Унун кесипкөй диссертациялык кеңеши чечет экен, (доработка, дополнение) кылып, мыйзам талап кылган шифрга ылайыктап кайра караса болоттур, андан “кыр издештин” кереги  барбы?! Бирөөлөрдүн буйрутмасын аткарганда жеке инсандык абройго шек келтирбей, киндиктен ылдый түшпө, кыргызым...!

 

Ч Ы Н Д Ы К  Б А Р

 

Мейли алар сындырышсын шагымды,

Майкандасын гулдөп өскөн багымды.

Жүрөгүмдө алоолонгон от болуп,

Мүмкүн эмес өчүрүүгө жалынды.

 

Чындык жашайт жалындаган жүрөктө,

Ойлой калсам бир саамга, мүнөткө.

Мен учурган чындык деген, ак кептер,

Учуп жетет жүрөктөрдөн жүрөккө.

 

Мыйзам менен бүт эркимди кулпулап,

Көөдөнүмдө толгон ыза тумчугат.

Ырга айланып бир башкача сезимден,

Сыртка карай жалын болуп умтулат.

 

Жазба дешет, жашырышып чындыкты,

Айтпа дешет,  качырышып кылмышты.

Кантип айтпайм, бир ыймансыз жалганчы,

Булгап жатса караттырып Кыргызды.

 

Менде дагы, Сенде дагы чындык бар,

Тереңдерге катылышып чындыктар.

Издеп жүрөт, караңгыдан ак шоола,

Болсо дагы ал жашаган чөйрө тар.

 

Балким бүгүн кезигишээр тоскоолго,

Муктаж болоор адамдардан колдоого.

Кандай күнгө туш болсо да ал чындык,

Билем эртең, жолугушат досторго.

Умар  Анарбаев, Талас  облусу

Последние новости