www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта аялдарды мыйзамсыз окуткан медресе аныкталды

Сузак районунун аймагында мыйзамсыз диний билим берүүчү борбордун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 16-февралында УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жарандарды экстремисттик жана террористтик аракеттерге тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Мундуз айылындагы “Чолпонай” диний билим берүү борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгында, бул диний окуу борбору 2022-жылдын ноябрында, КР мыйзамынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” 8, 10-беренесин бузуу менен негизделгени аныкталган.

Диний борбордо үч мугалим эмгектенип, 30га жакын жергиликтүү тургундар (аялдар) билим алышкан. Сабактар жумасына эки жолу өткөрүлүп, алар Курандын негиздерин жана исламий укук илимин үйрөтүшөт. Ошол эле учурда мугалимдердин жогорку диний билими жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулуп, Кыргыз Республикасынын 142 кодексинин 1-бөлүгү “Укук бузуулар жөнүндө” беренесине ылайык тиешелүү актылар түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости