www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, июнь айынын башында Сузак милициясы тарабынан район аймагында курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Алынган маалыматтар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Сузак райондук сотунун токтомунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын 53 жаштагы Ш.Т. жана 48 жаштагы Ч.А. аттуу жаранынын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү иштеринин натыйжасында Ш.Т.нын үйүнөн Тоз-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралдын 4 даана ок-дарысы, 16 калибрлүү сайсыз ок атуучу куралдын 13 даана ок-дарысы, 10 даана ок-дарылардын идиштери, ок-дары жасоочу аспаптар табылып алынган. Ал эми Ч.А.нын үйүнөн сайсыз 16 калибрлүү ок атуучу курал табылган.

Алынган курал жана ок-дарыларга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости