www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Света Тойгонбаева, айтымчы:

- Света айым, Сиздин өткөндөгү маегиңизден кийин чын эле Кыргызстанда бир өзгөрүүлөр болду. Баткенде чоң жоготуу орун алды. "Күз тынч өтпөйт" дедиңиз эле, бул жагы кандай болот?

- Мамлекеттин деңгээли өтө ылдыйлап кетти. Президент Өзбекстанга чоң максаттар менен барып, көп тоскоолдукка жолугуп келди. Кыскасы, өлкөдө жылуулук жок. Оор учурга келдик. Элдин 80 пайызы кыйынчылыкка кептелди. Өлкө тынч эмес. Тажик тараптан дагы бир чабуул болот. 15-20 күн аралыгында. Алардын ою Баткендин 2 айылын алабыз деп турушат.

- Бул арада Ташиевдин мынча аракети эмне болот?

- Ташиев болушунча аракет кылып жатат. Башына өтө оор сыноо келип турат. Бийлик муну астыга салып туруп, жаман киши көрсөтүп коюшат. Ден-соолугунда өтө оор учур турат. Инфаркт болуудан сактанышы керек. Анткени азыр анын жанында эч ким жок.

- Талкаланган Баткен эмне болот?

- Курулуштар толугу менен бүтпөйт. Ал жерде жумуш жүргүзгөндөр толук иш алып барышкан жок. 2-3 айда куруп бүтүшпөйт. Убакыт созулат. Ал жактан чыгып кеткендердин баары эле кайтпайт. Бул иш бийликтин эмес, элдин жардамы менен бүтөт.

- Жогорку Кеңеш, Талант Мамытовдун тагдыры кандай болот?

- Мамытовдун азыркы иштери так. Бирок, аракети текке кетиши мүмкүн. Абайлабаса кызматынан кол жууйт.

- Бийликти биринчи, элди экинчи сорт көргөн Эдил Байсалов жөнүндө кандай дейсиз?

- Байсалов өзүн өтө жогору көргөн киши. Азыркы иштеринин баары өзүнө эле муш болот. Бир сөз менен айтканда "пустой" киши. Бийлик аны эмнеге кармап отурат билбейм.

- Күзүндө бийлик алмашат дедиңиз эле?

- Бийликке азыр эл убакыт берип турат. Бирок өтө аз күн... Элде толкундоо токтобойт. Майдалап отуруп чоң толкун башталат. Бийлик менен элдин ортосунда ажырым күч, бирок, байланыш жок. Алмашат.

Маалымат интернет булактарынан алынды

Последние новости