www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-октябрда Бишкек шаарында тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Австриянын Улуттук кеңешинин жана Федералдык кеңешинин депутаты Маркус Хофер жетектеген делегациясы менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, анда тараптар Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы саясий диалогду жана парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле гидроэнергетика, саламаттык сактоо, туризм, билим берүү, маданият жана критикалык минералдар жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Австриянын инвестицияларын жана технологияларын тартуу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде "Ала-Тоо Резорт" долбоорун ишке ашыруу жана тоо-кен тармагын экологиялык жактан калыбына келтирүү маселелери белгиленди.
Ошондой эле Бишкек менен Венанын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу боюнча мындан аркы иштерге укуктук негиз түзө турган Аба каттамдары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууну даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз тарап Австриянын парламенттик делегациясын 2027-жылы Кыргызстанда өткөрүү пландалып жаткан "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Мындан тышкары, кыргыз тарап эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербөө, экспорттук көзөмөлдү жана банктык комплаенсти күчөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, европалык өнөктөштөр менен ачык диалог жүргүзүүгө даяр экенин ырастады.
Тараптар 2027–2028-жылдары Кыргызстан менен Австриянын БУУнун Коопсуздук кеңешине бир мезгилде мүчө болушунун алкагындагы кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурушту.